Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгы 2025-жылдын 28-октябрь күнү «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү – 2025» иш-чарасынын алкагында Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын нумизматикалык көргөзмөсүн Каракол шаарынын тургундарына уюштурду.
Көргөзмөдө Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматчылары улуттук валютанын калыптаныш этаптары жана анын коргоо элементтери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары тууралуу айтып беришти.







