Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында (мындан ары токтом) кабыл алынган:  

- 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 79 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

- 2025-жылдын 9-августундагы № 195 «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

- 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 «Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

- 2016-жылдын 16-майындагы № 59 «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси»;  

- жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү

Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк жөнүндө/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.