Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2025-жылдын 23-октябрында № 2025-П-12/55-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому кабыл алынды (мындан ары – токтом).
Кабыл алынган өзгөртүүлөр жарандардын укуктарын коргоону күчөтүүгө жана кредиттөөнүн коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кредиттик келишимдерди түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө же алып салуу мүмкүнчүлүгү киргизилүүдө.
Банк кызматтарын сунуштаган жактар кредиттик келишим түзүүдө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө тууралуу маалыматты сурап алууга жана кардар тарабынан белгиленген өзүнө-өзү тыюу салуу болгон учурда кредиттик келишим түзүүдөн баш тартууга милдеттүү.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк жөнүндө/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.







