Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү 

 

2025-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарында Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.  

Мамлекет башчысы Улуттук банктын эмгек жамааты алдында сүйлөгөн сөзүндө бул окуя Кыргызстандын каржы тарыхында жаңы баракты ача тургандыгын белгиледи.  

Сомдун туруктуулугун камсыз кылуу - Улуттук банктын эң башкы милдети. Бул милдет ар бир жарандын турмушуна, ар бир үй-бүлөнүн жашоосуна түздөн-түз таасир эте турган жооптуу милдет. Мына ошондуктан элдин сомго болгон ишеними - мамлекеттин бекемдигинин белгиси”, - деди Садыр Жапаров. 

Мындан тышкары Президент Улуттук банкта эл аралык жогорку стандарттарга жооп берген жана 1000 тоннага чейинки алтынды сактоого боло турган эң чоң сактоо жайы болоорун билдирди.  

Ошону менен бирге эле өлкө башчысы финансылык жөнгө салуучу алдында банк секторунун ишин модернизациялоо, инновацияларды өнүктүрүү жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча бир катар милдеттерди белгилеп өттү.  

Президент банктын кызматкерлерине көп жылдык ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү, Мекенге берилгендиги, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди. 

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев өз сөзүндө 30 жылга жакын убакыттан бери бүткөрүлбөй келген курулуш объектиси, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен курулуп бүткөнүн баса белгиледи. Ал ошондой эле Президенттин колдоосу менен Улуттук банк акыркы жылдары республиканын финансы системасын өнүктүрүүдө олуттуу натыйжаларга жетишкенин кошумчалады.  

үгүнкү иш-чара Улуттук банктын келечектеги жаңы ийгиликтерине салым кошот деп ишенем. Улуттук банк мындан ары да эл аралык талаптарга жооп берген банк чөйрөсүнүн ачык-айкындуулугун жана коопсуздугун жогорулатууга багытталган, ошондой эле финансы чөйрөсүн санариптештирүү жана киберкоопсуздукту күчөтүү боюнча иштерди уланта бермекчи", - деди Мелис Тургунбаев. 

Жаңы имараттын ачылыш аземине Улуттук банктын мурдагы төрагалары жана ардагерлери, Кыргызстан банктарынын биримдигинин президенти жана микрофинансылык уюмдардын ассоциациясынын аткаруучу директору катышты.