Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бааны белгилөө жана монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда баа түзүү жана монополияга каршы жөнгө салууну актуалдаштыруу зарылчылыгына байланыштуу иштелип чыкты. 

Сунушталган долбоор Улуттук банктын баа түзүү, монополияга каршы жөнгө салуу жана банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда үстөмдүк кылуу чөйрөсүндөгү негизги ченемдик укуктук актыларына комплекстүү өзгөртүүлөрдү киргизет. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Кызыкдар болгон жактар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 11-ноябрынан кечиктирбестен bimasheva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.