Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоорунда банктардын кредиттик саясатына, анын ичинде байланыштуу жана аффилирленген жактар менен операцияларды жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүү, кредиттерге, күрөөлүк камсыздоого мониторинг жүргүзүү механизмдерин жакшыртуу жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын актуалдаштыруу максатында башка өзгөртүүлөр каралган.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Кызыкдар болгон жактар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 11-ноябрынан кечиктирбестен bimasheva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.







