Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2025 Кыргызстанда 

 

 

2025-жылдын 27-октябрынан баштап Кыргызстанда «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» иш-чарасы башталат. Бул кеңири масштабдуу иш-чара Кыргызстанда 2015-жылдан бери Улуттук банк тарабынан координацияланып, мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин жана башка катышуучулардын көмөктөшүүсү менен жүргүзүлүп келет. 

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөнүн негизги максаты - калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча топтоо маданиятын калыптандыруу жана акча ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүү

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн алкагында 27-октябрдан 31-октябрга чейин Бишкек шаарында жана аймактарда мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, камсыздандыруу компанияларынын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен биргеликте ар кандай иш-чаралар, атап айтканда ачык сабактар, лекциялар, интерактивдүү оюндар, экскурсиялар, ачык эшик күндөрү, сынактар жана викториналар өткөрүлөт. Иш-чаралардын жүрүшүндө үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берилет.  

Иш-чаралар тууралуу кененирээк маалымат Финсабат маалымат-билим берүү порталынын https://finsabat.kg/ «Жаңылыктар» бөлүгүндө жайгаштырылган.