Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 24 (жыйырма төрт) жаранынын ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.







