Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2025жылдын 21октябрынан тартып 23октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына, Жалал-Абад областы, БазарКоргон району, Базар-Коргон шаары, А.Текебаев көчөсү, н/ж (болжол: борбордук базар) дарегинде жайгашкан «Аппак-Нур» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2023-жылдын 24июлундагы № 6557 лицензиясынын аракети токтотулду.