Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы ЭВФтин жана Дүйнөлүк банктын башкаруучуларынын ар жылдык жыйынында катышты
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Кыргыз Республикасынын атынан Эл аралык валюта фондунда башкаруучу статусунда Вашингтон шаарында (АКШ) 2025-жылдын 13-октябрынан тартып 18-октябрына чейин өткөн Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун башкаруучуларынын ар жылдык жыйынында катышты.
Иш-чаралардын алкагында Мелис Тургунбаев ЭВФке кирген Швейцария өлкөлөр тобунун отурумунда катышты, анда маанилүү глобалдуу маселелер, анын ичинде дүйнөлүк экономиканын өнүгүүсү, инфляциялык тобокелдиктер жана топко катышуучу өлкөлөр ортосунда кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды.
Ошондой эле ар жылдык жолугушуунун алкагында Улуттук банктын төрагасы ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия департаменти тарабынан уюштурулган иш-чараларда негизги баяндамачы катары сөз сүйлөдү, ага региондун борбордук банктарынын башчылары жана ЭВФтин башкаруучу директорунун орун басары Бо Ли катышты, ал өз сөзүндө тышкы туруксуздук шартында Кыргыз Республикасынын экономикасы дуушарланып жаткан негизги милдеттер, ошондой эле глобалдуу белгисиздик шарттарында Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө белгиледи. Баа жана финансылык туруктуулук маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду.
Иш сапарынын алкагында Мелис Тургунбаев Швейцариянын жана Бахрейндин борбордук банктарынын башчылары менен жолугушуп, анда финансы-банк чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү келечеги талкууланды.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасы 1992-жылдан бери Эл аралык валюта фондунун мүчөсү болуп саналат жана 1993-жылдан бери Швейцария добуш берүү тобунун курамына кирет. Бул топко Азербайжан, Кыргызстан, Польша, Казакстан, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Швейцария жана Лихтенштейн сыяктуу өлкөлөр кирет.







