Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктар тобунун башкаруучуларынын Жылдык жыйынына катышууда
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев 2025-жылдын 13-октябрынан тартып 18-октябрь күндөрү Вашингтон шаарында (АКШ) өтүп жаткан Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банктар тобунун башкаруучуларынын Жылдык жыйынынын алкагында Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн борбордук банктарынын төрагаларынын жабык форматтагы жолугушуусуна катышты.
Бул иш-чаранын негизги темасы – дүйнөлүк экономикада туруксуздук орун алган шартта мамлекеттер жүргүзүп жаткан саясат чараларын, өсүп жаткан геофрагментация менен күчөп жаткан белгисиздик сыяктуу жаңы реалдуулукка өлкөлөр кандайча ылайыкташып жаткандыгын талкуулоо.
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Англия Банкынын, Египет жана Армения борбордук банктарынын башчылары менен бирге иш-чараны алып барган баяндамачылардын бири катары доклад менен чыкты.
Өз сөзүндө М. Тургунбаев чакан экономикага ээ өлкөлөрдүн күчөп жаткан геофрагментацияга, өсүп жаткан протекционизмге жана глобалдык процесстердин божомолун төмөндөтүүгө байланышкан жаңы экономикалык реалдуулукка ыңгайлашуусу зарылдыгына токтолду.
М. Тургунбаев дүйнөдө криптоактивдер рыногунун жана башка санарип финансылык инструменттердин өнүгүшүнө байланышкан чакырыктарга өзгөчө көңүл бурду, ошол эле учурда ал ачык-айкын акча жүгүртүүнү жогорулатуу, көзөмөлдү күчөтүү жана финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн инструмент катарыжөнгө салынып жаткан санариптик инфратүзүмдү, анын ичинде борбордук банктардын санарип валюталарын (CBDC) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы баскыч-баскыч менен өнүктүрө тургандыгын белгиледи.
Баяндамада М. Тургунбаев санариптик активдерди жөнгө салуу жана тез өзгөрүп жаткан технологиялык шарттарда институттарды колдоо маселелерине Эл аралык валюта фондунун активдүү катышуусу зарылдыгын белгилеп өттү.







