Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2025жылдын 18октябрынан тартып 24октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына, Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Базар-Коргон шаары, А.Текебаев көчөсү, н/ж (болжол: «Компаньон Банк» ЖАКтын сактык кассасынын жанында) дарегинде жайгашкан «Эмирхан Валюта» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2023-жылдын 16ноябрындагы № 6632 лицензиясынын аракети токтотулду.







