Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2025-жылдын 15-октябрында «Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдарында ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү системасына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому кабыл алынды (мындан ары – токтом).
Кабыл алынган токтомдо тобокелдик деңгээлине жараша өз убагында чара көрүүнү жана алдамчылыкты аныктоону камсыз кылган системаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга карата милдеттүү талаптарды белгилөө каралган. Бул чаралар Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдарында ички жана тышкы алдамчылыкка каршы туруу боюнча чараларды күчөтүүгө, алдамчылыкка каршы туруу системасын өркүндөтүү аркылуу операциялардын коопсуздугун жана кардарлардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg / Банк жөнүндө / Банк иши тууралуу мыйзамдар / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.







