Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы 

Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы менен жолугушту 

 

Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жолугушууларынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Швейцариянын Улуттук банкынын (ШУБ) төрагасы Мартин Шлегель менен жолугушту. 

Тараптар өз өлкөлөрүндөгү учурдагы экономикалык кырдаалга баа берүү маалыматтары менен бөлүшүп, глобалдуу финансылык рыноктун келечегин, ошондой эле жогорку белгисиздик шарттарында макроэкономикалык саясатты координациялоо маселелерин талкуулашты.  

Мындан тышкары, жолугушуунун бир бөлүгү акча-кредит саясатына арналды, атап айтканда борбордук банктардын эл аралык резервдерин тескөө маселелери талкууланды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө ага башка өлкөлөр менен катар Швейцария жана Кыргыз Республикасы кирген ЭВФ өлкөлөрүнүн Швейцария тобунун алкагында кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди. Тараптар келечекте өткөрүлүүчү ЭВФ отурумдарында өз ара кызыкдар болгон маселелер боюнча позицияларды мындан ары да координациялоого даярдыгын тастыкташты.  

Мындан тышкары, жолугушууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Швейцариянын Улуттук банкы ортосунда эки тараптуу кызматташууну бекемдөө жолдору талкууланды. Борбордук банктардын жетекчилери өз ара жигердүү иш алып барууга жана потенциалды өнүктүрүүгө, анын ичинде эксперттик тажрыйба алмашууга жана тармактык бөлүмдөр деңгээлинде биргелешип иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгын билдиришти.