Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 8-октябрында № 2025-П-12/50-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды. Бул токтомдун максаты болуп, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына/күбөлүгүнө ээ банктар, микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан колдонулшу мүмкүн болгон ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келишимдердин тизмегин кеңейтүү саналат.
Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк жөнүндө/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.







