Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын  

8-октябрында № 2025-П-12/50-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды. 

Токтом Улуттук банк Башкармасынын ишин оптималдаштыруу жана Башкарма менен Көзөмөл боюнча комитеттердин ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү аркылуу көзөмөл системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды. 

Токтом Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк /Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.