2025-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин № 2025-ЗСД-КОМ-КПС-16/6 токтому менен Ачык API бирдиктүү стандарттарын колдонууга киргизүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр жактырылган, анда төлөмдөрдү демилгелөө үчүн API стандарты, ошондой эле банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн маалыматтарын алмашуу жана пайдалануу үчүн Ачык API бирдиктүү стандарты камтылган. 

Стандарттар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтындагы «Банктын милдеттери»/«Төлөм системасы»/«Төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

2025-жылдын 3-октябрында Ачык API бирдиктүү стандарттарын колдонууга киргизүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Дүйнөлүк банкка караштуу Эл аралык каржы корпорациясынын көмөгү менен өлкөдө финтех кызматтарын өнүктүрүү максатында Ачык API бирдиктүү стандарттарын ишке ашыруу жана апробациялоо үчүн кейстерди тандоо боюнча төлөм системасынын катышуучулары менен практикалык воркшоп өткөрдү