Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2025-жылдын 26-сентябрында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому кабыл алынды.
Алдамчылык менен жүргүзүлгөн операциялар коммерциялык банктарга гана зыян келтирбестен, калктын финансы институттарына болгон ишенимине да кесепетин тийгизүүдө. Ишеним деңгээлинин начарлашы банк секторунда санарип технологияларынын өнүгүшүн жайлатат жана инвестицияларды азайтат.
Кабыл алынган токтомдо тобокелдик деңгээлине жараша өз убагында чара көрүүнү жана алдамчылыкты аныктоону камсыз кылган автоматташтырылган же жарым автоматташтырылган системаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга карата милдеттүү талаптарды белгилөө каралган. Бул чаралар операциялык тобокелдиктерди контролдоону күчөтүүнү камсыз кылууга, финансылык уюмдардын алдамчылык аракеттерге туруктуулугун жогорулатууга, кардарлардын активдерин коргоого жана бүтүндөй банк системасына ишенимди бекемдөөгө багытталган.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg / Банк жөнүндө / Банк иши тууралуу мыйзамдар / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.







