Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2025-жылдын
29-сентябрында коммерциялык банктардын катышуусунда Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө төмөнкүлөргө байланыштуу маселелер каралды:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жана сервистин толук чөйрөсүн мамлекеттик системалар менен интеграциялоо аркылуу мобилдик тиркемелер, терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу көрсөтүү, ошондой эле финансылык жана мамлекеттик кызматтардын калкка жеткиликтүү болушунун альтернативдүү каналдарын киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын сактоо менен QR коддорду колдонуп төлөө ыкмаларын жайылтуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында товарлар менен кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча достук эквайрингин түзүү;
- төлөм системаларына бирдиктүү ачык API жана ISO 20022 стандарттарын киргизүү;
- ошондой эле мобилдик тиркемелер аркылуу шайлоо фондуна ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарын берүү.







