Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2025-жылдын 27-сентябрынан тартып 12-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
- Бишкек шаары, Муса Джалил көч., 174-үй, Лит Б дареги боюнча жайгашкан «006МММ» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2025-жылдын 5-мартындагы № 7045 лицензиясы;
- Чүй обл., Аламүдүн району, Ленин айылы, Алма-Ата көч., н/ж, «Ак-Жол» бажы зонасы, 1-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Айгүл» Алмашуу бюросу» ЖЧКнын 2024-жылдын 26-августундагы № 6920 лицензиясы.







