Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы 2025-жылдын
28-29-сентябрында Түркияда, Стамбул шаарында өткөн
Ислам кызматташуу уюмунун «OIC-COMCEC Central Banks Forum» Экономика жана соода жагында кызматташуу боюнча туруктуу комитетинин форумунун алкагында борбордук банктардын 7-отурумуна катышты
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Ислам кызматташуу уюмунун («OIC-COMCEC Central Banks Forum») Экономика жана соода жагында кызматташуу боюнча туруктуу комитетинин форумунун алкагында уюштурулган борбордук банктардын отурумунда түрк тараптын чакыруусу боюнча катышып, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү өнүктүрүү темасында баяндама жасады.
М. Тургунбаев өз сөзүндө төлөм чечимдеринин архитектурасына карата бирдиктүү ыкманы киргизүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын ийгиликтүү тажрыйбасы менен бөлүштү. Бул система менен колдонуучулар кайсы болбосун банктык мобилдик тиркемеден банктар аралык жана системалар аралык төлөмдөрдү оңой жүргүзүп, QR-код аркылуу акчаларын тез которо алышат.
Улуттук банктын төрагасы билдиргендей, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы улуттук стандарттагы QR-коддор аркылуу ар кандай төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясын камсыздоо боюнча Борбордук Азиядагы жалгыз өлкө болуп саналат.
Баяндамада борбордук банктын санарип валютасына арналган атайын тема орун алды. Санарип сомду колдонууга киргизүү - төлөм системасын өнүктүрүү жана финансылык жеткиликтүүлүк тармагындагы улуттук маселелерди гана чечүүгө багытталбастан, Кыргыз Республикасынын жаңы муундагы глобалдуу финансылык экосистемага толук кандуу катышуусу үчүн өбөлгөлөрдү калыптандыруу зарылдыгы менен шартталгандыгы баса белгиленди. Мында борбордук банктар чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү модернизациялоодо негизги ролду ойнойт.
Форумдун алкагында М. Тургунбаев менен Түркиянын Борбордук банкынын төрагасы Фатих Карахан ортосунда жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу, улуттук төлөм системаларын интеграциялоо келечеги, анын ичинде QR-код менен чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү жүргүзүү жана акча которуу маселелери талкууланды.







