Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы 2025-жылдын 24-сентябрында планга ылайык Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын жергиликтүү уюмдарынын кызматкерлери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрдү.  

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга Улуттук банктын иши жана функциялары, Улуттук банк тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар жана өлчөнгөн алтын куймалар жөнүндө айтып беришти. 

Мындан тышкары, 2025-жылдын II жарымынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын абалы, Кыргыз Республикасында QR-коддорду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелери тууралуу маалымат берилген.