Улуттук банк Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында журналисттер үчүн семинар өткөрдү 

 

2025-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Ош шаарында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын (мындан ары ЖМК) өкүлдөрү үчүн «Заманбап чакырыктардын алкагында Улуттук банктын иши» деген темада семинар өткөрдү

Журналисттерге Улуттук банктын иши, жүргүзүлгөн акча-кредит саясаты, финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө, республиканын аймактарында төлөм системаларын өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана башкалар боюнча маалымат берилди. 

Семинарда Улуттук банктын алдамчылык операцияларына каршы аракеттенүү багытындагы, ага кошо, кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу механизми боюнча иш-чараларына өзгөчө көңүл бурулду. 

Иш-чаранын жүрүшүндө ЖМК өкүлдөрү кызыккан суроолорун берип, аларга кеңири жооп алышты.