Региондордо калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нарын областтык башкармалыгынын кызматкерлери М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин жогорку класстарынын окуучулары үчүн көчмө лекция өткөрүп, анын жүрүшүндө финансылык сабаттуулук жөнүндө кеңири маалымат берилди.  

Ошондой эле, финансылык максатка жараша каражат топтоонун кыйла натыйжалуу түрүн тандай билүүсү үчүн окуучулар арасында «Аманаттар» оюну өткөрүлдү