Региондордо калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар планынын алкагында, 2025-жылдын 24-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгында Талас мамлекеттик университетинин маалыматтык технологиялар, техника жана экономика колледжинин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар көргөзмөсү уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, кредиттердин жана депозиттердин түрлөрү, нумизматикалык баалуулуктар тууралуу маалымат берилди.







