Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Жалал-Абад областы, Сузак району, Бек-Абад айылы, Акбаров Маккам Ажы көчөсү, 3 (болжолу менен «Бек-Абад-Автожолу» контролдук өткөрмө пунктунун жанында) дареги боюнча жайгашкан «Элдик капитал «Сузак» жоопкерчилиги чектелген коомунун алмашуу бюросунун 2023-жылдын
3-октябрындагы № 6592 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 23-сентябрынан тартып
7-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.







