Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда ички жана тышкы алдамчылыкка (антифрод) каршы аракеттенүү системасына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзамдын негизинде чыгарылган актылардын долбоорлору»/«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 9-октябрынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, ошондой эле электрондук версиясын (Word форматында) adjakubova@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл.