Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Москва көчөсү, үй №100, 3-кеңсе жана Москва көчөсү, үй №73, 6-кеңсе даректери боюнча жайгашкан «Элеганс иксчейнж» алмашуу бюролору ЖЧКнын 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 6986 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 23-сентябрынан тартып 7-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.







