2025-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Бостери айылында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулган банктык тегерек стол болуп өттү.  

Тегерек столго Улуттук банктын жетекчилиги, «Кыргызстандын банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын, «Кепилдик фонду» ААКтын өкүлдөрү жана коммерциялык банктардын жетекчилери катышты. 

Иш-чаранын катышуучулары банктык жөнгө салууну өнүктүрүүгө, анын ичинде калк жана бизнес үчүн кредиттер боюнча пайыздык чендерди түзүүдө ачык-айкындуулукту жогорулатууга, банк чөйрөсүндө алдамчылык аракеттерге каршы аракеттенүү боюнча чараларды өркүндөтүүгө, виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүү үчүн жөнгө салынуучу чөйрөнү түзүүгө, каржылоонун ислам принциптерин өнүктүрүү келечегине, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук системасына алдын ала баа берүүгө тиешелүү маанилүү маселелерди талкуулашты. 

Банктык тегерек стол Кыргыз Республикасынын банк секторун өнүктүрүү боюнча стратегиялык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн жөнгө салуучу менен банк сектору ортосундагы ачык диалогду камсыз кылган салттуу иш-чара болуп саналат.