Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу иш-чарасынын алкагында 2025-жылдын 18-сентябрь күнү Баткен шаарынын В.И. Ленин атындагы орто мектебинин жогорку класстарынын окуучуларына көчмө лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансыны пландаштыруу, финансылык максат коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү, финансыларды мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо тууралуу маалымат беришип, ар кандай финансылык маселелер боюнча түзүлгөн кырдаалдарды талдап чыгышты.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында QR-кодду колдонууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери, ошондой эле шылуундардан сак болуу чаралары жөнүндө маалымат берилди.







