QR-коддордун жардамы менен төлөөдө үзгүлтүккө учураган жагдайлар тууралуу  

 

Калк үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана санарип банк кызматтардын кеңири жайылтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк кызматтарын көрсөткөн коммерциялык банктардын жана башка юридикалык жактардын ишин көзөмөлдөө чараларына, анын ичинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо ишине өзгөчө көңүл бурат.  

QR коддор аркылуу төлөм жүргүзүүдө акыркы учурларда үзгүлтүккө учураган жагдайларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм системасынын негизги катышуучуларына керектөөчүлөргө үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууну жана бизнес-процесстерди оптималдаштырууну тапшырды.  

Ошол эле учурда QR коддор ыңгайлуу төлөм ыкмасы катары кеңири колдонулганы менен аларды жалгыз төлөм ыкмасы катары кароого болбойт. Техникалык мүчүлүштүктөр болгон учурда (мисалы, байланыштагы көйгөйлөр, интернеттин үзгүлтүккө учурашы, сканердин бузулушу же коддун туура эмес түзүлүшү) төлөмдү кабыл алуучуда товарлар менен кызматтарды төлөөнү кабыл алуу боюнча альтернативдүү ыкма болушу керек. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банктар жана төлөм уюмдары улуттук валютада накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон өз системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга милдеттүү

Учурда накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү ишке ашыруу тез жүрүүдө: ELQR системасына 20 коммерциялык банк, 14 төлөм уюму туташтырылган, 32 мобилдик тиркеме иштейт. Кыргыз Республикасында 15 млн ашык эсептешүү эсептери, 9,8 млн банктык карталар, 3,5 млн идентификацияланган электрондук капчыктар жана 3 млн агенттердин мобилдик тиркемелери тейленет. 2025-жылдын биринчи жарымында эле QR коддор аркылуу рекорддук 274,9 млрд сом иштетилген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,9 эсеге көп (13,8 млрд сом). Бул өсүш республика боюнча 80, 5 миңден ашык соода түйүндөрүндө QR-коддорду масштабдуу орнотуу менен шартталган. 

Белгилеп кетсек, накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өз убагында жана үзгүлтүксүз, анын ичинде QR-коддорду колдонуу менен жүргүзүү технологияларга жана инфраструктурага, анын ичинде рыноктун катышуучуларынын өздөрүнө тиешелүү бир катар факторлорго көз каранды. 

 

Улуттук банк төмөнкүлөрдү сунуштайт:  

· QR-код аркылуу төлөө мүмкүн болбосо, төлөмдүн альтернативдүү ыкмаларын (банк картасы, NFC, мобилдик төлөм кызматтары, Интернет-банкинг, мобилдик банкинг, накталай акча) колдонуу;  

· акча каражатын туура эмес эсептен чыгарылганын байкасаңыз, дароо сизди тейлеген банкка кайрылуу.