Борбордук (улуттук) банктардын аудитордук иш боюнча 

консультативдик кеңешинин он үчүнчү отурумунун жыйынтыктары жөнүндө 


Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областындагы Бостери айылында 2025-жылдын 10-сентябрынан 12-сентябрына чейин Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жана Тажикстан Республикасынын борбордук (улуттук) банктарынын, ошондой эле Казакстан Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин аудитордук иш боюнча консультативдик кеңешинин он үчүнчү отуруму болуп өттү.  

Консультативдик кеңештин катышуучулары ички аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнү өркүндөтүү маселелерин талкуулады, мындан тышкары, маалыматтык коопсуздук, курулуш, активдердин сапатын жана банк системасын көзөмөлдөөчү стресс-тестирлөөнү баалоо, баалуу жана баалуу эмес металлдардан эстелик монеталарды даярдоону пландаштыруу, жүгүртүүгө чыгаруу жана жайылтуу, ошондой эле кризистик башкаруу органдарынын ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу системасын уюштуруу, ички аудит ишинин сапатын контролдоо жана баалоо, ички аудиттин жаңы эл аралык стандарттары боюнча тажрыйба алмашты.  

Отурумдун жыйынтыгында протоколго кол коюлуп, ички аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнү өркүндөтүү жана актуалдуу маселелер боюнча тажрыйба алмашуу ишин улантуу чечими кабыл алынды. 

Аудитордук иш боюнча отурумдарды өткөрүү ички аудиторлорду жана борбордук (улуттук) банктарды өнүктүрүү үчүн алгылыктуу шарт түзөт. Катышуучулар бирдиктүү методикалык материалдарга жана мыкты тажрыйбаларга ээ болушат, бул алардын кесипкөйлүк деңгээлинин өсүшүнө өбөлгө түзөт. Кесиптик байланыштар тармагы түптөлүп, тажрыйба жана билим алмашуу үчүн аянтчалар түзүлүп, анда актуалдуу тажрыйбалык жагдайлар талкууланат. Бул өз кезегинде ички аудиттин ролун жана статусун күчөтүп, аудиторлордун корутундуларын жана сунуш-көрсөтмөлөрүн жетекчилик үчүн таасирдүү кылат. Акырында, биргелешкен эл аралык долбоорлорго жана жумушчу топторго катышуу карьералык келечекти түзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, эл аралык кызматташуу аркылуу кесипкөйлүк деңгээлин жакшыртуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.