Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөнүн банктар аралык акча рыногун өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган жаңы инструменттерди иштеп чыкты.
Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 17-сентябрында жаңы рыноктук ченди – банктар аралык эталондук пайыздык чен болуп саналган Бишкек банктар аралык ченди (BIR) ишке киргизүү чечимин кабыл алды.
BIR эталондук чени – өлкөнүн банктар аралык рыногунун кыска мөөнөттүү сегментинде акча наркынын көрсөткүчү болуп саналган рыноктук пайыздык чен. Ал Кыргыз Республикасында финансылык инструменттердин кеңири түрүн баалоо үчүн негиз катары кызмат кылат. BIR эталондук чени Улуттук банк тарабынан күн сайын эсептелип, расмий сайтында жарыяланат.
Финансы рыногунун катышуучулары үчүн Улуттук банк пайыздык чендердин убактылуу түзүмүн чагылдырган модель иштеп чыкты. Мамлекеттик жана өздүк баалуу кагаздардын кирешелүүлүк ийрегин түшүндүргөн бул модель баалуу кагаздын улуттук валютада баасы жана анын ордун жабуу мөөнөтү ортосунда өз ара байланыштуулугун чагылдырат.
Бул инновация акча рыногунун инструменттери боюнча пайыздык чен түзүмү жөнүндө маалыматтын ачык билдирилишин жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Кирешелүүлүк ийреги финансы жана акча рынокторунун катышуучуларына келечекте экономикалык шарттар жана инфляциялык процесстер боюнча күтүүлөрүн түптөөгө мүмкүндүк берген маанилүү көрсөткүч болуп саналат.
Акча жана финансы рынокторунун ар бир катышуучусу, ошондой эле өлкөнүн башка экономикалык субъекттери, инвесторлор жана эл аралык уюмдар өз чечимдерин талдоодо жана кабыл алууда ушул инструменттерди пайдалана алышат.
Улуттук банк өлкөнүн банктар аралык акча рыногун жакшыртуу жана өнүктүрүү ишин мындан ары да улантат.







