Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты: 

- 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 79 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө», «Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

- 2025-жылдын 9-августундагы № 195 «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

- 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 «Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

- 2016-жылдын 16-майындагы № 59 «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси»;  

- жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларын ылайык келтирүү.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Кызыкдар болгон жактар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 2-октябрынан кечиктирбестен abazarbaeva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.