Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 12-сентябрында № 2025-П-12/46-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алды. Бул токтомдун максаты түзүмдүк бөлүмдөрдүн шариаттык башкаруу маселелери боюнча өз ара иш алып баруусунда ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү болуп саналат.
Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк жөнүндө/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.







