Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары – Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө токтом долбоору инновациялык банк операцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү чектелген жана контролдонгон чөйрөдө апробациялоо инструменти катары атайын жөнгө салуу режимин түзүү жана жүргүзүү боюнча укуктук механизмди андан ары өркүндөтүү максатында даярдалган.
Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Кызыкдар тараптар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 29-сентябрынан кечиктирбестен aimanov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.







