Лицензиясыз иш алып барган алмашуу бюролорунун ишине бөгөт коюунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы Мамлекеттик салык кызматынын Араван району боюнча башкармалыгынын өкүлү менен биргеликте Ош областынын Араван районунун аймагында мыйзамсыз иш алып барган алмашуу бюролоруна рейддик текшерүүлөрдү жүргүздү

Рейд учурунда, Улуттук банктын лицензиясын алуусуз накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын 2 (эки) жаранынын ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, мыйзамсыз иштөөнүн кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү