Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес түрдө төлөө үчүн улуттук стандарттагы QR-коддорду кеңири колдонууга киргизүү жана жайылтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте 2025-жылдын июнь айынан сентябрь айына чейин бүтүндөй республика боюнча соода-тейлөө ишканаларына жана базарларга көчмө мониторинг жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 568 объектинин ичинен 499 объектиде улуттук стандарттагы QR-коддор орнотулган. 

QR-коддор орнотулбаган соода-тейлөө ишканаларында Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомун аткаруунун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бул токтомго ылайык, төлөмдөрдү накталай эмес формада, анын ичинде улуттук стандарттагы QR-код аркылуу кабыл алуу милдеттүү болуп саналат. Мындай түшүндүрүү иш-чаралары 2025-жылдын аягына чейин улантылат