Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын  Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2025-жылдын 4-сентябрь күнү  Талас областынын Манас районунун Кыргызстан айылынын тургундарына көчмө лекция өткөрүштү.   

Лекциянын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери, финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, заманбап технологияларды колдонуу менен көбөйүп жаткан финансылык алдап кетүү учурлары боюнча маалыматтар берилди.