Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эл аралык резервдеринин көлөмү жөнүндө 

 

2025-жылдын 3-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын жалпы эл аралык резервдери жаңы бийиктикке жетип, 7 021,21 млн АКШ долларын түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын башынан тартып 1 933,1 млн АКШ долларына же 38,0%га өстү. Ошол эле учурда, 2024-жылдын ичинде жалпы эл аралык резервдер 3 236,5 млн АКШ долларынан 5 088,1 млн АКШ долларына чейин көбөйгөн. 

Эл аралык резервдердин учурдагы көлөмү алдыдагы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импортунун болжол менен 5,7 айын жабат, бул эл аралык резервдердин жетиштүүлүгүнө коюлган сунушталган эл аралык критерийлерге шайкеш келет. 

Быйылкы жылы эл аралык резервдердин өсүшү ички жана тышкы рыноктордогу операциялардан түшкөн каражаттардын эсебинен, ошондой эле баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногундагы жагымдуу конъюнктуранын натыйжасында камсыздалды. Ошону менен бирге, Улуттук банк эл аралык резервдерди башкарууда резервдик активдердин коопсуздугуна жана ликвиддүүлүгүнө багытталган консервативдүү стратегияны карманып келет. 

Эл аралык резервдер улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баалардын туруктуулугун жана Кыргыз Республикасынын каржылык туруктуулугун колдоого, ошондой эле өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин өз убагында аткарууга пайдаланылат. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ички жана тышкы экономикалык жагдайды эске алуу менен, тиешелүү акча-кредиттик саясатты жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аны сактап туруу максатында эл аралык резервдердин жетиштүү деңгээлин колдоого багытталган саясатын улантат.