Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга чыгарат.  

Токтом долбоорунун максаты болуп, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына/күбөлүгүнө ээ банктар, микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар колдонушу мүмкүн болгон ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келишимдердин тизмегин кеңейтүү саналат.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 19-сентябрынан кечиктирбестен kdjakypova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.