Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 

салтанаттуу иш-чара жөнүндө 

2025-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Улуттук банктын жамааты алдында сүйлөгөн сөзүндө төрага Мелис Тургунбаев төмөнкүлөрдү белгиледи: «Бул күн эркиндикти, биримдикти жана элдин жаратмандыкка умтулуусун билдирет. Ал эми Улуттук банк өлкөнүн эң маанилүү мамлекеттик институттарынын бири болуу менен финансылык туруктуулукту чыңдоого жана улуттук экономиканы өнүктүрүүгө олуттуу салым кошууда». 

Иш-чаранын алкагында жогорку кесипкөйлүгүн жана өз ишине берилгендигин көрсөткөн мыкты кызматкерлерди салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү

Улуттук банктын жетекчилиги бардык кызматкерлерге чың ден соолук, жаңы кесиптик жетишкендиктерди жана үй-бүлөлүк бакубаттуулукту каалап, ошондой эле эгемендүү мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн жасаган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.