Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
- 2025-жылдын 28-августунан тартып 1-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 198 жана Тыналиев көчөсү, 1/2, № 1 кеңсе даректери боюнча жайгашкан «Амир Финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 17-августундагы № 6566 лицензиясы;
- 2025-жылдын 28-августунан тартып 3-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Бейшеналиева көчөсү, 42/42А дареги боюнча жайгашкан «Байтур Талас» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 6408 лицензиясы.







