Лицензиясыз иш алып барган алмашуу бюролорунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте кыргызөзбек мамлекеттик чек арасындагы «ДостукАвтожолу» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунда мыйзамсыз иш алып барган акча алмаштыруу жайларына рейддик текшерүүлөрдү жүргүздү

Рейд учурунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын 6 (алты) жаранынын ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды, ошондой эле мыйзамсыз иштөөнүн кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү