Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
МААЛЫМАТТЫК БИЛДИРҮҮСҮ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышында жана өнүгүшүндө көрүнүктүү инсандардын эмгегин жана ролун таануу максатында 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен ата мекен алдында өтөгөн эмгектери үчүн саясий элитанын өкүлдөрү – улуттук лидерлер Абдыкерим Сыдыковго, Иманалы Айдарбековго, Жусуп Абдрахмановго, Абдыкадыр Орозбековго, Ишеналы Арабаевге «азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар» деген наам ыйгарылды. Алар ХХ кылымда жаңы мамлекеттүүлүктүн башатында туруп, кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүнүн жана мамлекеттик түзүлүшүнүн калыптанышына негиз салышкан.
Алардын маданиятты, билимди жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган талыкпаган эмгеги, ошондой эле кыргыз элинин укугу жана өз тагдырын өзү чечүүсү үчүн күрөшү эгемен Кыргызстанды түзүүгө баа жеткис салымын кошкон.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун тегерегиндеги монетанын алдыңкы бетинде азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар Абдыкерим Сыдыковдун, Иманалы Айдарбековдун, Жусуп Абдрахмановдун, Абдыкадыр Орозбековдун, Ишеналы Арабаевдин портреттери түшүрүлгөн. Монетанын тегерегинде «Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар» деген жазуу жайгаштырылган. Монетанын төмөн жагында монетанын номиналы (10) жана сомдун графикалык белгиси (С) көрсөтүлгөн.
Монетанын арткы бетинде керегенин (боз үйдүн бүктөлүүчү дубалдары) стилдештирилген сүрөтү менен курчалган түндүктүн элесинде Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын жогорку жана төмөнкү бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу берилген. Монетанын жогорку бөлүгүндө монетанын салмагы (33 g) жана металлдын сапат белгиси (Ag 925) көрсөтүлгөн. Монетанын төмөнкү жагында анын чыгарылган жылы «2025» чагылдырылган.
«Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Монетанын өзгөчөлүктөрү
|
Аталышы |
Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар |
|
Номиналы |
10 сом |
|
Металлы (сапат белгиси) |
Ag 925 |
|
Диаметри (мм) |
50,00 |
|
Салмагы (г) |
33,00 |
|
Сапаты |
Proof |
|
Нускасы (даана) |
500 |
Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.
Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 10 540,00 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.







