1. Кыргыз Республиканын Улуттук банкынын Төлөм системы боюнча комитетинин 2025-жылдын 22-августундагы токтому менен атайын жөнгө салуу режиминин алкагында «Региональные платежные системы» («РПС») жоопкерчилиги чектелген коомунун банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясынын мөөнөтү электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу өз электрондук акчасын жүгүртүүгө чыгаруу (эмиссия) боюнча лицензияга карата техникалык тапшырмада бекитилген шарттарды жана талаптарды сактоо менен 2026-жылдын 28-февралына чейин узартылды. 

2. Кыргыз Республиканын Улуттук банкынын Төлөм системы боюнча комитетинин 2025-жылдын 22-августундагы токтому менен атайын жөнгө салуу режиминин алкагында «Система Квикпэй» жоопкерчилиги чектелген коомунун банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясынын мөөнөтү электрондук акча ээлерине электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү, анын ичинде алардын ордун жабуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен накталай же накталай эмес акча каражаттарына алмаштыруу аркылуу өз электрондук акчасын жүгүртүүгө чыгаруу (эмиссия) боюнча лицензияга карата техникалык тапшырмада бекитилген шарттарды жана талаптарды сактоо менен 2026-жылдын 28-февралына чейин узартылды