1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 70-үй, 17-батир дареги боюнча жайгашкан «ЕвроНур» күрөөканасы КЖКнын алмашуу бюросунун 2023-жылдын 15-мартындагы № 6487 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 26-августунан тартып 4-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.  

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.