Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик ченди
9,25 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 25-августунда эсептик ченди (негизги чен) 9,25 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2025-жылдын 26-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасында инфляция1 2025-жылдын башталышынан тартып 5,0 пайызды, жылдык мааниде – 9,4 пайызды түздү. Учурда түптөлгөн инфляция, азык-түлүккө дүйнөлүк баалардын туруксуздугу коньюнктурасынын алкагында тышкы факторлордун таасири астында жана жогору суроо-талап менен катар Кыргыз Республикасында азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө баа динамикасынын сезондуулугунун өзгөрүшү менен шартталган. Мындан тышкары, инфляцияга электр энергиясына тарифтерди ар жылдык кайра кароо да таасирин тийгизүүдө.
Кыргыз Республикасында инвестициялык жана керектөө жигердүүлүгүнүн жогорулоосунун алкагында экономиканын жогору өсүш арымы сакталып турат. Реалдуу ИДӨнүн өсүшү 2025-жылдын январь-июль айлары ичинде 11,5 пайызды түзгөн. Кыйла жогору жигердүүлүк өнөр жай, курулуш жана кызмат көрсөтүү секторлорунда байкалган. Калктын кирешесинин өсүшүнүн, өлкөгө таза акча которуу агымынын көбөйүшүнүн жана банктар керектөө кредиттерин көбөйтүүсүнүн натыйжасында керектөө суроо-талабы жогору бойдон калууда.
Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты өлкөдө кыска жана узак мөөнөттүү мезгилдерде баа туруктуулугун камсыздоо үчүн шарттарды түзүүдө. Көрүлүп жаткан тактикалык монетардык саясат чаралары улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн сакталышын жана экономикада акча сунушунун тең салмактуулук деңгээлинин түптөлүшүнүн сакталышын шарттоодо. Ички валюта рыногунда жагдай туруктуу сакталып турат.
Бүгүнкү күндө тышкы чөйрөдө белгисиздик, Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө геосаясий курч абалдын жана инфляциялык басымдын сакталып турушунун алкагында жогору сакталып турат. Мындай шарттарда инфляция факторлоруна баа берүүнү, ошондой эле Улуттук банктын акча-кредит саясатынын келечек багытын эске алуу менен эсептик чен өлчөмү 9,25 пайыз деңгээлинде сакталды. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугунун сакталышына жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.
Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө тең салмактуулук ыкмасына таянуу менен иш алып барат жана түптөлүп жаткан ички жана тышкы инфляция факторлорун баалоо ишин улантууда. Баа туруктуулугуна карата кандайдыр бир тобокелдиктер орун алган учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка корректировкаларды киргизиши мүмкүн.
Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2025-жылдын 27-октябрында өтөт.
__________________________________________________________________1 15-августка карата абал боюнча.







