Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин 2025-жылдын 22-августундагы токтому менен «Первый Плюс Пэй» жоопкерчилиги чектелген коомунун төмөнкү лицензиялары 2025-жылдын 22-августунан тартып кайтарылып алынды:
- 2024-жылдын 20-июнундагы № 3048200624 – өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо;
- 2024-жылдын 20-июнундагы № 2047200624 – үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо.







