Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2025-жылдын 15-августунан тартып 24-августун кошо алгандагы мезгил аралыгына төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензиясынын аракети токтотулду:  

- Бишкек шаары, Усенбаев көчөсү, 47 (1-кабат, 1-офис) дареги боюнча жайгашкан «Авангард КЭШ» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 31-июлундагы № 6894 лицензиясы;  

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 105, №25 кабинет дареги боюнча жайгашкан «Коин Чендж» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 6796 лицензиясы;  

Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү, 1, «Дордой-Азия» соода борбору, 1-кабат, №А-50 жана А-15 бутиктери дареги боюнча жайгашкан «Аско Р» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 16-августундагы № 6913 лицензиясы.